Ош шаарында «Эскерүү шамы» эл аралык акциясы өттү
Кн мурун, 21-июнда “Түбөлүк от” мемориалдык комплексинде Улуу Ата Мекендик согуштун башталганына 85 жылдыгына карата «Эскерүү шамы» эл аралык акциясы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Эскерүү митингинин жүрүшүндө катышуучулар гүл коюшуп, согуш жылдарында курман болгондордун элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.
Иш-чарага Ош шаарынын мэриясы, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугу, Орус үйү, ардагерлер кеңеши, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Ош шаардык бөлүмүнүн өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери, коомдук бирикмелердин жана ыктыярчылар кыймылынын өкүлдөрү, студенттер жана мектеп окуучулары катышты.
«Эскерүү шамы» акциясы – Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгон 27 миллион советтик жарандын, ошондой эле ХХ кылымдагы эң кандуу согуштун бардык курмандыктарынын элесине болгон ыраазычылыктын жана түбөлүк эстутумдун белгиси. Жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө миллиондогон адамдар келечек муундар үчүн тынчтыкты жана эркиндикти коргоп калган баатырлардын элесине шам жагышат.
