Бишкекте «Жамийла» мюзикли көрсөтүлөт
Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган «Жамийла» мюзикли көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Спектакль 14–15–16–17-октябрь тартууланат.
«Жамийла» мюзикли — тунук сүйүүнү жана анын улуу күчүн, адамдардын татаал тагдырларын, алардын кайгылары менен кубанычтарын, Ата-Мекенге болгон чексиз сүйүүнү чагылдырган чыгарма. Ал ата-бабалардын жерин, элдердин достугун ыйык тутуп сактоону даңазалаган ажайып сахналык көрүнүш болуп саналат.
