Бишкекте чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өтүүдө
2 апрель

Бишкекте чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өтүүдө

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевдин жетекчилиги алдында «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, мамлекеттик органдардын жана чыгармачыл союздардын жетекчилери, илимий коомчулук, ошондой эле маданият, искусство жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрү катышууда.

Форумга өлкөнүн бардык жети облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан келген 800гө жакын делегат катышууда.

Форум президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, чыгармачыл союздар менен илимий интеллигенциянын өкүлдөрүн бириктирген улуттук диалог аянтчасы болуп саналат.

Аталган форум төрт этаптан турат: райондук жана облустук деңгээлдеги талкуулардан кийин жыйынтыктоочу IV этап катары бүгүнкү республикалык форум өткөрүлүүдө.

Форумдун алкагында төмөнкү негизги маселелер талкууланууда:

• маданият менен илимдин улуттук өнүгүүдөгү орду;

• чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын коомдогу миссиясы;

• маданий-руханий жаңылануунун багыттары;

• чыгармачыл союздарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик механизмдери;

• илим, билим берүү жана чыгармачылык тармактарындагы реформалар.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан сунуштар жана демилгелер айтылып, маданият жана илим тармактарын системдүү өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү чаралар талкууланууда.

Форумдун жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, иш-чаралар планы иштелип чыгат жана резолюция кабыл алынат.

Форум мамлекеттик органдар, чыгармачыл чөйрө жана илимий коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, улуттук маданий саясатты жаңы деңгээлге чыгарууга жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.