Бишкекте Каниет Дубаевдин “Gallops: Кыргызстан – Борбор Азиянын жүрөгү” аттуу даректүү тасманын бет ачары өтөт
=Бишкектеги Ала-Тоо кинотеатры кинотеатрында ушул жылдын 15-апрелинде кинорежиссер Каниет Дубаев тарткан “Gallops: Кыргызстан – Борбор Азиянын жүрөгү” аттуу даректүү фильминин расмий бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Бул иш-чара Кыргызстандын спорттук имиджин эл аралык деңгээлде жайылтууга багытталган демилгелердин алкагында уюштурулууда.
Фильм уникалдуу эл аралык ат үстүндө өтүүчү жарыш – “Gallops” долбоорунун мазмунун, философиясын жана ага катышкан чабандестердин таасирдүү окуяларын чагылдырат.
Фильм Кыргызстандын кайталангыс жаратылышын, бай маданиятын жана көчмөн элдин салттарын кеңири чагылдырган. Режиссер реалдуулукка өзгөчө көңүл буруп, окуялардын чыныгы атмосферасын жана катышуучулардын ички сезимдерин так берүүгө аракет кылган.
“Gallops: Кыргызстан – Борбор Азиянын жүрөгү” – бул адамдын ички күчү, эркиндик түшүнүгү, спорттук дух жана жаратылыш менен болгон гармония тууралуу философиялык ой жүгүртүүнү камтыган чыгарма.
Даректүү фильм Т. Океев атындагы Кыргызфильм улуттук киностудиясы тарабынан өндүрүлгөн.
