Кыргызстан менен Монголия кино тармагында кызматташат
Кыргызстан менен Монголия кино тармагында кызматташат, деп кабарлайт Маданият министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 9-июнда Кинематография департаментинде Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал жана Монголиянын Улуттук кино кеңешинин Эл аралык байланыштар жана кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Оргилмаа Бат-Эрдэнэ менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн кино тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланып, биргелешкен кино долбоорлорун ишке ашыруу, кинематографисттердин эл аралык кинофестивалдарга катышуусун арттыруу жана кесиптик байланыштарды өнүктүрүү боюнча пикир алышуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Кинематография департаменти менен Монголиянын Улуттук кино кеңешинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документ эки өлкөнүн кино тармагындагы узак мөөнөттүү жана системалуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана жаңы чыгармачылык демилгелерди жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле Монголиянын кино күндөрүнүн алкагында кыргызстандык көрүүчүлөргө эл аралык кинофестивалдарда жогору бааланган белгилүү монгол режиссёрлорунун тасмалары сунушталууда. Бул маданий иш-чара эки өлкөнүн кинематографиялык жетишкендиктерин таанытууга жана чыгармачыл байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.
