Кыргыз мамлекеттик цирки
22 сентябрь
Кыргыз цирки биринчи жолу Тажикстандагы эл аралык фестивалда эки атайын сыйлык алды
Кыргыз мамлекеттик цирки Тажикстанда өткөн Биринчи эл аралык цирк фестивалында алгач ирет эки атайын сыйлыкка татыды.
Сыйлыктар фестивалга катышкан өлкөлөрдүн цирк жетекчилери жана калыстар тобунун чечими менен ыйгарылды.
Ошондой эле Кыргызстандын атынан эл аралык аренада өнөр көрсөткөн кыргызстандык артисттин чыгышы өзгөчө белгиленди.
Алынган сыйлыктар кыргыз цирк өнөрү үчүн маанилүү жетишкендик болуп, Кыргызстандын өкүлдөрү бул фестивалда бир учурда эки атайын сыйлыкка ээ болгон алгачкы учур болуп калды.
