Кыргызстан менен Япония маданият тармагында кызматташтыкты бекемдөө маселесин талкуулады
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 28-майда Бишкекте өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана жаштар саясаты багытындагы кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашып, биргелешкен маданий жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегине өзгөчө көңүл бурушту.
Тактап айтканда, музей тармагын өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо жана эки өлкөнүн чыгармачыл, маданий мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Ошондой эле санариптик маданий долбоорлорду, көргөзмөлөрдү жана жаштарга багытталган инновациялык программаларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун алкагында министр Мирбек Мамбеталиев жапон тарапты 2026-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырды.
Белгиленгендей, аталган ири эл аралык иш-чара эки өлкөнүн маданий жана гуманитардык байланыштарын мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-япон маданий-гуманитардык кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.
Ошондой эле келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, маданий алмашууну активдештирүү жана жаштардын катышуусун кеңейтүү боюнча тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
