Сүлүктү шаарында коомдук ишмер Исхак Раззаковдун күмбөзү курулду
Сүлүктү шаарында коомдук ишмер Исхак Раззаковдун күмбөзү курулду, деп кабарлайт президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү.
Маалыматка ылайык, улуу инсанды эскерүү иш-чарасы алгач коомдук ишмердин өмүр жолун чагылдырган сахналаштырылган көрүнүш менен башталды.
Аземдин салтанатуу бөлүгүн Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров ачып, бир катар жетекчилер, коомдук ишмерлер И.Раззаковдун туугандары сөзгө чыгып, улуу инсандын кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн жасаган баа жеткис эмгектери эскерилди.
Иш-чарага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Исманали Жороев, Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов жана жеке ишкер Токтобүбү Оргалча катышып, мамлекеттик жана саясий ишмердин эмгектерин келечек муунга калтырууга багытталган иш чарага катышуу жана колдоо, зор сыймык экенин белгилешти.
Исхак Раззаков Баткен облусунун Лейлек районунун Коросон айылында туулган.
Кыргызстанды кыйын кезеңден алып чыккан көрөгөч жетекчи, өлкөнү социалдык-экономикалык, индустриялык-агрардык, маданий жактан алга жылдыра алган. Ал эмгек жолунда Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы болгон.
