Маданият министрлигин жарандарды «Таш-Рабатка» убактылуу барбай турууга чакырды
Маданият министрлиги
6 август

Маданият министрлигин жарандарды «Таш-Рабатка» убактылуу барбай турууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги «Таш-Рабат» тарыхый-архитектуралык комплексинин аймагында жүргүзүлүп жаткан оңдоо-реставрациялоо иштерине байланыштуу жарандарга, туристтерге, туризм тармагынын өкүлдөрүнө жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылат.

«Таш-Рабат» тарыхый-архитектуралык комплекси Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын эң баалуу эстеликтеринин бири болуп саналат жана өзгөчө тарыхый, архитектуралык жана туристтик мааниге ээ. Аны сактоо — мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири.

Учурда комплекстин аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 701 токтому менен бекитилген тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча 2023–2027-жылдарга карата «Көөнө тарых сырлары» мамлекеттик программасынын алкагында комплекстүү оңдоо-реставрациялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты — тарыхый эстеликтин сакталышын камсыз кылуу, анын конструкцияларын бекемдөө, коопсуз пайдаланууга шарт түзүү жана келечек муундарга жеткирүү.

Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоо — эл аралык жана улуттук талаптарды так сактоону, кесипкөй адистердин катышуусун, ошондой эле атайын технологияларды жана материалдарды колдонууну талап кылган татаал илимий-практикалык процесс. Ушуга байланыштуу иштер этап-этабы менен жүргүзүлүп, 2027-жылга чейин улантылат.

Оңдоо-реставрациялоо иштеринин жүрүшүндө комплекстин аймагында курулуш техникалары, атайын жабдуулар жана жумушчу топтор иш алып барууда. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана реставрациялоо иштерин сапаттуу жүргүзүүгө шарт түзүү максатында айрым тилкелер убактылуу тосулуп, аларга кирүүгө чектөө коюлган.

Ушуга байланыштуу министрлик жарандарды жана туристтерди реставрациялоонун негизги этаптары аяктаганга чейин «Таш-Рабат» комплексине баруудан убактылуу карманууга чакырат.

Ошондой эле туристтик компаниялардан жана экскурсоводдордон туристтик маршруттарды пландоодо киргизилген чектөөлөрдү эске алуу жана туристтерге алдын ала маалымат берүү өтүнүлөт.

Киргизилген чектөөлөр убактылуу мүнөзгө ээ экенин жана биринчи кезекте келгендердин коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле уникалдуу тарыхый-маданий мурас объектисин сактоого багытталганын өзгөчө белгилейбиз.

Оңдоо-реставрациялоо иштеринин негизги этаптары аяктап, келгендер үчүн коопсуз шарттар түзүлгөндөн кийин комплекске барууну толук көлөмдө жандандыруунун тартиби тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилет.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жарандарга, туристтерге жана туризм тармагынын өкүлдөрүнө түшүнүү менен мамиле кылганы, жоопкерчиликтүү позициясы жана жүргүзүлүп жаткан иштерди колдогону үчүн ыраазычылык билдирет.