Санариптик чечим: Кыргызстанда эми концерттерге үйдө  отуруп билет сатып алууга болот
14 июль

Санариптик чечим: Кыргызстанда эми концерттерге үйдө  отуруп билет сатып алууга болот

Кыргызстандагы бардык маданий иш-чараларга билет сатып алуу мындан ары онлайн жүргүзүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ачык кабинетинде министр Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 15-июнунда платформа Бишкектеги Тарых музейинде тесттик негизде ишке киргизилген. Кийинки этап – өлкөдөгү бардык маданий мекемелер.

“Алдыда чоң эл аралык иш-чара – Дүйнөлүк көчмөндөр оюну турат. Ошондуктан сентябрдан тартып баштоого аракеттенип жатабыз. Билеттик система Кыргызстанда толук иштейт, ага бардык маданий мекемелер байланыштырылат”, – деди ал.

Министр белгилегендей, ар бир кыргызстандык концерттерге же каалаган башка маданий иш-чарага билетти үйүнөн чыкпай эле сатып ала алат. Бул биринчиден, билеттердин баасын көтөргөн ортомчуларды жойсо, экинчиден кызмат көрсөтүү акысы 10-12 пайызга чейин жеткен жеке системаларга чектөө коет.

“Мага филармонияда өткөн концерттерге ортомчулук кылгандар көбөйүп жатышканын айтып кайрылгандар болду. А биз иштеп чыккан платформа аркылуу жарандар түз билет сатып алышат. Акысын каалаган банк картасы менен төлөшөт”, – деди ал.