Чолпон-Ата шаарында Газпром спорт комплексинде кармаш уруш боюнча “OPEN Кыргызстан-2025” Эл аралык турнири болуп өттү
5 август

Чолпон-Ата шаарында Газпром спорт комплексинде кармаш уруш боюнча “OPEN Кыргызстан-2025” Эл аралык турнири болуп өттү

2025-жылдын 1-августунан 5-августуна чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Газпром спорт комплексинде кармаш уруш боюнча “OPEN Кыргызстан-2025” Эл аралык турнири болуп өттү.

Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Монголия, Тажикистан жана башка мамлекеттердин мыкты спортчулары катышты. Аталган турнирге Ички аскерлеринин аскер кызматчылары да катышып байгелүү орундарды багындырышты.

Айта кетсек, капитан Тимур Лугма +90 кг салмакта, лейтенант Жамалбек уулу Эсен – 80 кг салмакта, лейтенант Нурсултан Эсенов - 90кг салмакта 1-орунду ээлешсе, сержант Сайырбек уулу Калыс +97 кг салмакта, улук лейтенант Жумагазы Исаков – 97 кг салмакта 2-орунду багындырышкан, ал эми прапорщик Кошназар уулу Сыймык, кенже сержант Нурсат кызы Айчолпон жана кенже сержант Самат Кылычбековдор байгелүү 3-орунга ээ болушту.