Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду
51-55 жаштагылар үчүн D дивизионунда 100 кг салмак категориясында күрөшкөн кыргызстандык балбан Чынарбек Изабеков дүйнө чемпиону болду.
Дене тарбия жана спорт мамалекеттик агенттигинен кабарлашкандай, алгачкы таймашта ал молдовалык Валериан Заболотныйды 9:3 эсебинде утуп, таймашты ийгиликтүү баштаган.
Андан соң чейрек финалда италиялык Джузеппе Агнеллону таза жеңиш (10:0) менен утуп жарым финалга чыккан.
Жарым финалда түркиялык Мукеррем Кийылды 3:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.
Ал эми чечүүчү беттеште АКШ балбаны Элвин Риггсти 6:2 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болуп, дүйнө чемпиону деген наамды дагы бир жолу утту.
Ошентип, Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында дүйнө чемпиону наамын бешинчи жолу жеңип алды. Ал буга чейин 2015, 2016, 2021 жана 2022-жылдары да дүйнө чемпиону болгон.
