Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында аскердик кармаш уруш боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлайт.
Мелдеш "Мен патриот" унааны менен 2-3-июнь күндөрү өтөт.
Иш-чара 1999-2021-жылдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылыш учурунда кайтыш болгон аскер кызматчыларынын элесине арналат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
- Кыз-келиндер арасында: 60, 65, 70, +70 кг;
- Эркектер арасында: 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, 95, +95 кг.
