Кармаш уруш боюнча курама Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болду
Кыргызстандын кармаш уруш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Бурса шаарында өткөн Дүйнө чемпионатына 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Кундузбек Турсунбеков 73 кг чейинки салмак категориясында 2-орунду ээледи. Ошондой эле Нурсултан Көккөзов (80 кг) жана Азат Жумабаев(85 кг) коло медалга ээ болушту.
Курама команда башкы машыктыруучу Талас Токоров жана машыктыруучу Аманбек Кыдыралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
