Кыргызстандык спортчулар Кытайда самбо боюнча эл аралык турнирге катышат
Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча эл аралык турнирге катышат.
Иш-чара 13-14-август күндөрү Кытайдын Чэнду шаарында өтүп, ал Дүйнөлүк оюндардын алкагында уюштуруулууда.
Кыргызстандын делегациясын КР Самбо федерациясынын президенти Азиз Ибраев жетектөөдө.
Делегациянын курамына улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азамат Казакбаев, улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулу жана мелдештин калысы Антон Зверев кирди.
Кыргызстан курамасы:
- Акак Үсөн кызы – 54 кг чейин;
- Саяк Бараканов – 64 кг чейин;
- Курманбек Замирбек уулу – 71 кг чейин;
- Бектен Эркебай уулу – 88 кг чейин;
- Бекназар Жеэмырсаев – 98 кг чейин.
Дүйнөлүк оюндар – бул Олимпиадалык оюндардын программасына кирбеген спорт түрлөрүн камтыган көп түрдүү спорттук мелдеш. Быйылкы жылы оюндар алгач ирет Кытайда, ал эми тарыхта экинчи жолу Азияда өтүүдө.
