КБЛ Junior баскетбол сезону аяктады
26 март

КБЛ Junior баскетбол сезону аяктады

Кыргызстан Баскетбол Лигасы (КБЛ Junior) 2007-жылкы жана андан кичүү кыздар жана балдар арасында уюштурган баскетбол сезону аяктады.

Акыркы финалдык оюндар катышуучулардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөттү. Жаш балдар баскетболду чеберлерден кем калбагандай деңгээлде ойноп, командалар күч сынашып жатып финалга чыкты.

Жыйынтыктар:

Кыздар арасында:

  • 1-орун – ОРАБӨСОМ, Бишкек;
  • 2-орун – Баскетбол Федерациясынын Академиясы;
  • 3-орун – Токмок.

Уландар арасында:

  • 1-орун – ОРАБӨСОМ Эдельвейс;
  • 2-орун – Гиннес 29;
  • 3-орун – Ош.

Мыкты оюнчулар:

  • Тугай Мария – ОРАБӨСОМ (кыздар арасындагы мыкты оюнчу);
  • Котов Степан – Эдельвейс (уландар арасындагы мыкты оюнча).

Бул сезон баскетболчулар үчүн маанилүү этап болуп, келечекте чоң ийгиликтерге жетүүгө шыгы бар таланттарды аныктады.