Бишкек шаарында дартс боюнча чемпионат өттү
26 март

Бишкек шаарында дартс боюнча чемпионат өттү

«Газпром-балдарга» дене тарбия – ден соолукту чындоо комплексинде  чоңдор арасында дартс боюнча чемпионат өттү.

Чемпионатка 100гө жакын адам катышты, анын ичинде спорт чеберлери, дартсты сүйүүчүлөр жана бул спорттун түрү менен таанышкысы келген бардык каалоочулар катышты.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү:

  • Эркектер арасында – А. Аликов;
  • Аялдар арасында – А. Муканова;
  • «Микс» дисциплинасында – Т. Ниязбеков жана А. Муканова.

Мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти Бишкек шаарынын дартс федерациясы менен биргеликте уюштурду.

Спорттук иш-чаранын негизги максаты – дартс спортун жайылтуу, жаңы спортчуларды тартуу жана борбордогу бул кызыктуу спортту өнүктүрүү.