Кыргызстандын дзюдо боюнча чемпионаты Ош шаарында өтөт
21 январь

Кыргызстандын дзюдо боюнча чемпионаты Ош шаарында өтөт

Ушул жылдын 23-25-январь күндөрү Ош шаарындагы “Газпром – балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде эркектер жана кыз-келиндер арасындагы Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеште кыз-келиндер 48, 52, 57, 63, 70, 78 кг чейинки жана +78 кгдан жогору салмак категорияларында күч сынашат.

Ал эми эркектер 60, 66, 73, 81, 90, 100 кг чейинки жана +100 кгдан жогору салмак ченинде беттешет.

Чемпионатты өткөрүүнүн негизги максаты — 2026-жылга карата Кыргыз Республикасынын эркектер жана кыз-келиндер арасындагы улуттук курама команданын курамы түзүү жана аныктоо.

Ошондой эле дзюдо боюнча курама командага талапкерлерди тандоо, жаштардын ынтымагын бекемдөө, жаштарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга үндөө, балбандардын чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Аталган чемпионат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын улуттук дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулууда.