Өзгөн шаарындагы жаңыланган борбордук стадион ачылды
Өзгөн шаарында 23-августта Зулпукар Ормонов спорт комплекси салтанаттуу ачылды.
Ачылыш азем Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасынын 18-турунун алкагындагы «Өзгөн» (Өзгөн ш.) - «ОшМУ» (Ош ш.) футболдук клубдарынын беттеши менен уланды.
Салтанатка Кыргыз футбол биримдигин президенти Камчыбек Ташиев катышты.
Азем белгилүү ата-мекендик алдыңкы эстрада жылдыздардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолду.
«Кыргызстандын спорт тарыхы үчүн дагы бир маанилүү объект ачылып жатат. Бул комплекс спорттун бардык түрлөрүнө арналган борбор болуп, жаштарга жана кесипкөй командаларга өз потенциалын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстандын бардык аймактарында жаштар ойной турган, кесипкөй командалар даярдана турган шарттарды түзүү жана жакшыртуу — биздин негизги максатыбыз. Бул жаңы комплекс дал ушул максаттарга кызмат кылат» - деп белгиледи өз сөзүндө КФБ президенти.
Ачылыш азем жана беттеш 5 миңге жакын көрүүчүнү топтоду.
Стадион алгач 1968-жылы курулуп, 1998-жылы муниципалдык менчикке өткөрүлгөн. Эскирип калгандыктан, кайрадан толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен АРИС аркылуу каржыланып жалпы баасы 141 млн сомду түзүп, кошумча 53,5 млн сомду Кыргыз футбол биримдиги бөлүп берген.
Жаңыланган спорт комплекси эл аралык талаптарга ылайык курулуп, анда футбол талаасы, чуркоо жана волейбол аянтчалары, администрациялык имарат, медициналык пункт, ажаткана жана жуунуучу жайлар бар. Ошондой эле стадион толугу менен жарыктандырылып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
