Ысык-Көлдө кыргыз күрөшү боюнча дүйнө кубогу болуп өттү
23 август

Ысык-Көлдө кыргыз күрөшү боюнча дүйнө кубогу болуп өттү

Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Dordoi Nomad” комплексинде 23-августта кыргыз күрөшү боюнча дүйнө кубогу болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеште Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Россия жана Монголиянын балбандары күч сынашты.

Ушул эле күнү жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чарага Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, Кыргыз күрөш федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев, чет элден келген меймандар, ошондой эле аталган спорттун күйөрмандары катышты.