Чолпон-Атада III Түрк Универсиадасы башталды
4 сентябрь

Чолпон-Атада III Түрк Универсиадасы башталды

Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” спорт комлексинде бүгүн, 4-сентябрда дзюдо боюнча мелдештер өтүүдө.

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасында 14 спортчу бар.

Кыздар 4 салмак ченинде, эркектер 3 салмак категориясында күч сынашат.

Универсиадада спортчулар төмөнкү 7 спорт түрү боюнча таймашат:

  • дзюдо,
  • эркин күрөш,
  • грек-рим күрөшү,
  • шахмат,
  • стол тенниси,
  • волейбол,
  • футзал.

Түрк Универсиадасына Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Азербайжандын студенттик курама командалары катышууда.

Спорттук иш-чарага жалпысынан 450дөн ашык делегация мүчөлөрү чогулган. Алардын арасында спортчулар, машыктыруучулар, делегация башчылары жана врачтар бар.

Эске салсак, алгачкы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Универсиадасы 2018-жылы апрель айында Бакуда (Азербайжан), II Түрк Универсиадасы Казакстандын Түркстан шаарында 2023-жылдын ноябрь айында өткөн.