Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт
Бишкекте 27-28-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча жаштар (U-20) арасында Кыргызстандын биринчилиги өтөт.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125 кг салмак категорияларында күч сынашат:
