Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында КР чемпионаты өтөт
19 февраль

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында КР чемпионаты өтөт

Бишкекте 25-26-февраль күндөрү Р.Санатбаев атындагы спорт комплексинде грек-рим күрөшү боюнча жаштар (U-20) арасында Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг салмак категорияларында күч сынашат: