Спорттун жекеме-жеке түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу дзюдо боюнча Европа кубогунда күмүш медаль утту
2026-жылдын 2–3-май күндөрү Стамбул шаарында дзюдо боюнча жаштар арасындагы ачык Европа кубогу болуп өттү.
Спорттун жекеме-жеке түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Мелисов Данияр (90 кг чейинки салмак категориясында) эл аралык мелдеште ийгиликтүү катышып, күмүш медаль тагынды.
Мелдешке 27 өлкөдөн 502 спортчу катышып, жогорку атаандаштык деңгээлин көрсөттү.
