
Дүйнө чемпионаты (U-23): Абдымалик Карачев финалга чыкты
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Абдымалик Карачев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Спортчу 57 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттешт кытайлык балбанды 9:4 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.
1/4 финалдык беттеште американын балбанын 1:1 эсебинде, жарым финалдык беттеште ирандык Али Носсейин 4:3 эсебинде утуп финалга чыкты.
Алтын медаль үчүн беттеште индиялык спортчу Чираг Чираг менен беттешет.