Футзал боюнча улуттук жана кыз-келиндер курамалары Бишкекте Россияга каршы жолдоштук беттештеди өткөрөт
30 ноябрь

Футзал боюнча улуттук жана кыз-келиндер курамалары Бишкекте Россияга каршы жолдоштук беттештеди өткөрөт

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук жана кыз-келиндер курамалары Бишкек шаарында Россиянын курамалары менен жолдоштук беттештерди өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. 

Оюндар 14 жана 15-декабрь күндөрү борбор калаадагы КФБ Улуттук академиясынын спорткомплексинде орун алат.

Футбол биримдигинен билеттер жана оюндардын башталыш убактысы тууралуу маалымат кошумча жарыяланарын кошумчалашты. 

Эскертсек, эки курамабыздын аталган беттештери келеерки жылы орун ала турган Азия Кубогунунун тандап алуу оюндарына болгон даярдыктын алкагында өткөрөт.