Пенчак Силат боюнча курама Малайзиядагы мелдеште 2 алтын медаль жеңди
19 ноябрь

Пенчак Силат боюнча курама Малайзиядагы мелдеште 2 алтын медаль жеңди

Кыргызстандын Пенчак Силат боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 2 алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

Турнир Малайзиянын Куала-Лампур шаарында 14-17-ноябрь күндөрү өттү. 

Алтын уткандар:

  • Бикбоев Темир (63 кг чейин);
  • Арууке Бикбоева (33 кг чейин).

Курама команда башкы машыктыруучу Каныбек Бикбоевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.