Кыргыз балбандары Польшадагы эл аралык турнирде 3 коло медаль жеңди
31 июль

Кыргыз балбандары Польшадагы эл аралык турнирде 3 коло медаль жеңди

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Польшанын борбору Варшава шаарында өтүп жаткан “Pytlasinski” эл аралык турниринин биринчи күнүндө 3 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаментинен кабарлашты. 

Үчүнчү орунду ээлегендер:

  • Асан Жанышов (87 кг),
  • Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг),
  • Ырыскелди Хамзаев (72 кг).

Белгилей кетсек, турнир Владислав Пытлясинскийдин жаркын элесине арналган турнир 30-июлда башталган.