Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт
19 февраль

Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт

Бишкекте 20-22-февраль күндөрү аскердик кармаш уруш боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Мелдеш Советтер союзунун баатыры, лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун жаркын элесине арналган. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө Спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категориясында күч сынашат:

  • Өспүрүмдөр арасында (2012-2013-жылы туулгандар): 44, 46, +46 кг;
  • Өспүрүмдөр арасында (2011-2010-жылы туулгандар): 50, 55, 60, +60 кг;
  • Кыздар (2008-2010-жылы туулгандар): 50, 55, +55 кг;
  • Балдар (2008-2009-жылы туулгандар): 55 60, 65, 70, +70 кг;

Жаштар арасында:

  • Кыздар: 50, 55, 60, +60 кг;
  • Балдар: 57 60, 65, 70, 75, +75 кг;