Кийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт
10 сентябрь

Кийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт

Кийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКО) Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди. 

Анын айтымына караганда, учурда Астанада өтүп жаткан V ДКОдо кыргызстандык спортчулар мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат.

"Жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келип олтурат. Кыргызстандан чыккан көчмөндөр оюндары өз мекенине барып, 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бизде өтө турган болду", - деди министр.