Бишкекте AFC Women’s Football Day 2025 турнири өттү
Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясынын оюн талаасында AFC Women’s Football Day 2025 турнири өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Турнирге Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан жалпысынан 9 команда катышып, оюн талаасына 12 жашка чейинки кыздар чыкты.
Буга чейин АФК эгидасы алдында өткөн иш-чаралар фестиваль форматында өтүп келсе, бул ирет командалар тайпаларга бөлүнүп, мелдешти.
Мелдештин жыйынтыгы:
- 1-орун – Азалия
- 2-орун – Асылбаш
- 3-орун – Дордой
Турнирди Кыз-келиндер футбол ассоциациясы өткөрдү.
