Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Бразилияда өтүп жаткан Дүйнө кубогун жеңиш менен баштады
www
23 апрель

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Бразилияда өтүп жаткан Дүйнө кубогун жеңиш менен баштады

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Бразилиянын Фош-ду-Игуасу шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда жеңиш менен баштады.

Ал 60 кг чейинки салмак ченинде 1/8 финалдык баскычынан баштап, Армениянын өкүлү Артур Базеянга каршы чыгып, калыстардын бир добуштуу чечими менен жеңишке жетишти (5:0).

Бул жеңиштин жыйынтыгында Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты. Кийинки айлампада ал Канаданын өкүлү Кеома Аль-Ахмадиех менен күч сынашат.