Ош шаарында 5200 орундуу заманбап футбол аренасы курулат
www
8 июнь

Ош шаарында 5200 орундуу заманбап футбол аренасы курулат

Ош шаарында заманбап футбол аренасы курулат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-июнда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Футбол Биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте аренанын долбоору жана курулуш үчүн каралган жер тилкеси менен жеринде таанышты.

Шаар мэри долбоорду ишке ашырууда Ош шаарынын мэриясы тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн белгилеп, жаңы арена жаш спортчулар жана футбол күйөрмандары үчүн заманбап шарттарды камсыз кыларын билдирди.

Ошондой эле калаа башчы президент жаштар үчүн 5200 орундуу «Ош Арена» маданий жана спорттук комплексинин курулушун колдоп жатканын белгилеп, бул долбоор шаардагы спорт менен маданияттын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзөрүн билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар А. Момунов атындагы футбол академиясынын аймагында күйөрмандар үчүн курула турган трибунанын орду жана келечекте ишке ашырыла турган башка долбоорлор менен таанышып, академияда машыгып жаткан жаш футболчулар үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыгышты.

Жаңы футбол аренасы келечекте республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн заманбап спорттук жайлардын бири болуп, өлкөдө футбол инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.