
Бали! "Ак шумкарлар" Катардын курамасын утту
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн Катар менен беттешип, Азиянын учурдагы чемпиондорун утту.
Оюн 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Эки таймга созулган оюн Кыргызстандын пайдасына 3:1 эсеби менен жыйынтыкталды.
Курамалардын беттешин президент Садыр Жапаров жеке өзү колдоп барды. Ошондой эле бул беттешке күбө болуу үчүн Катар футбол ассоциациясынын президенти - Уулу даражалуу Джассим Аль Буанинин жетекчилиги алдындагы Катар ассоциациянын делегациясы Бишкекке келди.