Катар футбол ассоциациясынын жетекчилиги Кыргызстанга келди
Бүгүн, 25-мартта 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы Азиянын учурдагы чемпиону Катар курамасы менен беттешүүдө.
Бул беттешке күбө болуу үчүн Катар футбол ассоциациясынын президенти - Уулу даражалуу Джассим Аль Буанинин жетекчилиги алдындагы Катар ассоциациянын делегациясы Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз футбол биримдигинин Вице-президенти Дастанбек Конокбаев тосуп алды.
Оюн борбор калаанын башкы аренасы – Д.Өмүрзаков атындагы стадионундо өтүп жатат.
Белгилей кетсек, бул 2025-жылдагы улуттук курама команданын өз үйүндөгү алгачкы беттеши.
