Кыргызстандык жаш боксчулар Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту
Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 2 күмүш 3 коло медалга ээ болушту болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Биринчилик Шри-Ланканын Коломбо шаарында өтүп жатат.
Күмүш медалдын ээлери:
- 60 кг Аделя Асылбек кызы;
- 75 кг Зарина Асанова.
Коло медалдын ээлери:
- 57 кг Елизаветта Лунеева;
- 63 кг Элиза Максатова;
- 66 кг Айпери Адылбекова.
Курама команда машыктыруучу Нурсултан Абдрасуловдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
