Кыргызстандык ок атуучу дүйнө кубогунда күмүш медаль утту
Кыргызстандын ок атуу спорт боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Имандос Бектенов дүйнө кубогунда 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Биринчилик Германиянын Зуль шаарында өтүүдө.
Имандос Бектенов Квалификациялык бөлүктө 579 упай топтоп, экинчи орунду ээлеп финалга чыккан. Ал эми финалдык беттеште 240.2 упай топтоп, күмүш медалга ээ болду
Мелдеш 25-майда жыйынтыкталат.
