Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө
Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 2-июнда эркектер жана кыз-келиндер арасында аскердик кармаш уруш боюнча "Мен патриот" эл аралык мелдеши башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Беларус жана Россиядан келген спортчулар катышууда.
Финалдык беттештер 3-июнда саат 9:00 дө башталат.
Эске салсак, мелдеш 1999-2022-жылдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылыш учурунда кайтыш болгон аскер кызматчыларынын элесине арналат.
