АФК Чакырык Лигасы. «Мурас Юнайтед» Кувейттин учурдагы чемпионунан утулуп калды
Кыргыз футбол биримдиги
23 апрель

АФК Чакырык Лигасы. «Мурас Юнайтед» Кувейттин учурдагы чемпионунан утулуп калды

Азия футбол конфедерациясынын 2025-2026 Чакырык Лигасы алкагында ата мекендик «Мурас Юнайтед» клубу «Кувейт» клубу менен кез келди.

Беттеш 22-апрелде БишкектегиДөлөн Өмүрзаков стадионунда өттү.

Белгилей кетсек, атаандаш команда учурдагы Кувейттин чемпиону.

Тилекке каршы, бул беттеш 2-1 (Амир Жапаров 36') эсебиндеги атаандаштын жеңиши менен аяктап, «Мурас Юнайтед» финалга жолдомону камсыздай алган жок.

Белгилесек, «Мурас Юнайтед» бул мелдешке катышуу укугуна 2024-жылкы Кыргызстандын Кубогунун ээси катары ээ болгон. Мелдеш алкагында биздин клуб 2025-жылы квалификациядан өтүп, андан кийин тайпалык этаптан ийгиликтүү чыгып, 2026-жылдын 19-апрелинде өткөн чейрек финалда ливандык клубду жеңген.