Адилет Камчыбеков пара жеңил атлетика Дүйнө Гран-При мелдешинде коло утту
Кыргызстандын пара жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Адилет Камчыбеков Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) өткөн Дүйнө Гран-При мелдешинде коло медалга ээ болду.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, мелдеш 6-13-февраль күндөрү өтүп, жалпы 52 өлкөдөн келген 500дөн ашык спортчу катышкан.
Курама команда башкы машыктыруучу Алмаз Абировдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
