Кыргызстандык дзюдочулар Японияда өтүп жаткан окуу-машыгуу жыйынына катышууда
18 февраль

Кыргызстандык дзюдочулар Японияда өтүп жаткан окуу-машыгуу жыйынына катышууда

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Япониянын Нара шаарында өтүп жаткан Эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. 

17-февраль күнү башталган окуу-машыгуу жыйыны 22-февраль күнү жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:

  • 60 кг Нургазы Кубанычбек;
  • 66 кг Эрбол Абасбеков;
  • 81 кг Эржан Канатбеков;
  • +100 кг Эмирхан Жолдошказиев.