Дүйнө чемпионаты (U-23): Орозобек Токтомамбетов финалга чыкты
26 октябрь

Дүйнө чемпионаты (U-23): Орозобек Токтомамбетов финалга чыкты

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Спортчу 74 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Джабраил Гаджиевди 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

1/4 финалдык беттеште түркиянын балбанын 11:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште орусиялык Исмил Ханиевди 1:1 эсебинде утуп финалга чыкты.

Алтын медаль үчүн беттеште жапониялык спортчу Кота Такахаши менен беттешет.