
Дүйнө чемпионаты (U-23): Орозобек Токтомамбетов финалга чыкты
Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Спортчу 74 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Джабраил Гаджиевди 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.
1/4 финалдык беттеште түркиянын балбанын 11:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште орусиялык Исмил Ханиевди 1:1 эсебинде утуп финалга чыкты.
Алтын медаль үчүн беттеште жапониялык спортчу Кота Такахаши менен беттешет.