Денис Петрашов АКШда өткөн TYR Pro Swim Series 2026 мелдешинде алтын медаль жеңди
7 март

Денис Петрашов АКШда өткөн TYR Pro Swim Series 2026 мелдешинде алтын медаль жеңди

4–7-март күндөрү АКШнын Иллинойс штатынын Вестмонт шаарында сүзүү боюнча эл аралык деңгээлдеги профессионалдык мелдеш TYR Pro Swim Series 2026 өттү.

Мелдештин үчүнчү күнүндө кыргызстандык спортсмен Денис Петрашов 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүүдө жогорку жыйынтык көрсөттү. Финалдык жарышта ал 59.70 секунд убакыт менен биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

Экинчи орунду америкалык спортчу Жош Матени 59.78 секунд жыйынтык менен камсыз кылса, үчүнчү орунду дагы бир америкалык спортчу Жек Келли 59.90 секунд көрсөткүч менен ээледи.

TYR Pro Swim Series - дүйнөнүн  профессионал сүзүүчүлөрү катышкан эл аралык мелдештердин сериясы болуп саналат.