23 август

Кыргызстанда ФИФАнын «Мектептер үчүн футбол» программасы ийгиликтүү старт алды

КЫРГЫЗСТАНДА ФИФАНЫН «МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН ФУТБОЛ» ПРОГРАММАСЫ ИЙГИЛИКТҮҮ СТАРТ АЛДЫ 21-август күнү, Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде «Football for Schools» («ФИФА Мектептер үчүн футбол») программасынын расмий ачылышы орун алып, ага КФБ жетекчилери жана долбоордун катышуучулары катышты.

Кыргызстанда бул программанын алкагында мектептерге 3600 даана футбол тобу берилип, ФИФА инструкторлорунун катышуусунда улуттук жана аймактык семинарлар уюштурулат. Долбоорго бардык өлкөдөн 43 мектебинин дене-тарбия мугалимдери катышууда.

Программаны ишке ашырууда негизги ролду Кыргыз футбол биримдиги аткарып, бардык иш-чараларды уюштуруп, программанын натыйжаларын көзөмөлдөп, аны баалайт.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги программаны окуу процессине интеграциялоого көмөк көрсөтүп, жооптуу өкүлдөрдү дайындайт жана окуу жылынын жүрүшүндө демилгенин ишке ашырылышын көзөмөлдөйт.

Семинардын жыйынтыктоочу күнү бүгүн орун алып, эртең, 23-августта КФБнын Улуттук футбол академиясынын базасында программанын катышуучулары жана мектеп окуучулары менен масштабдуу фестиваль өтөт. Программанын кийинки этабында семинар жана фестивалдар аймактарда өткөрүлөт. Аталган этап ушул жылдын сентябрь жана октябрь айларында орун алат.