Д.Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо. Мамкурулуш эмне үчүн отургучтар азайганын түшүндүрдү
2 октябрь

Д.Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо. Мамкурулуш эмне үчүн отургучтар азайганын түшүндүрдү

Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигиндеги  Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Медетканов  “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.  

Эске салсак, Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо иштери аяктады. Реконструкциялоонун алкагында трибунанын астындагы жайлар оңдолуп, жаңы жарыктандыруу системасы, гибриддик газон жана автоматтык сугат системасы орнотулду. Ошондой эле чуркоо жолу жана отургучтар жаңыртылды. Бирок оңдоп-түзөөдөн кийин отургучтар 18 миңден 16 миң 500гө чейин кыскарганы белгиленген.

Медетканов мындай өзгөрүүнү стадиондо жеңил атлетика боюнча да мелдештер өткөрүлгөндүктөн, техникалык тапшырмада чуркоо жолу дүйнөлүк стандартка жооп бериши керек деп көрсөтүлгөнү менен түшүндүрдү. “Ошондуктан чыгыш тараптагы трибунанын болжол менен 3-4 катарларын алып салууга туура келди, ошого жараша отургучтар да кыскарды”, - деди ал.