Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
8 сентябрь
Паратриатлон боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандын курама командасы үч медаль жеңди
Филиппиндин Субик-Бей шаарында 2026-жылдын 5- 6-сентябрында паратриатлон боюнча Азия чемпионаты өтүп, анда Кыргызстандын курама командасы 1 алтын жана 2 күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Алтын медалдын ээси:
- Жузбаева Гүлназ, гайд - Рыбакова Оксана;
Күмүш медалдын ээлери:
- Абдувалиев Жаладин, гайд - Иван Сушков;
- Мейманбаева Сезим, хендлер - Артем Ханадеев.
- Кыргызстандын курама командасы мелдешке Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Андрей Ханадеевдин жетекчилиги алдында катышты.
