Азия кубогу: Бүгүн Кыргызстандын жаштар курамасы Катар менен ойнойт
18 февраль

Азия кубогу: Бүгүн Кыргызстандын жаштар курамасы Катар менен ойнойт

Бүгүн, 18-февралда Кыргызстандын U-20 жаштар футбол курамасы Азия Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында Катар менен жыйынтыктоочу беттешин өткөрөт.

Азия кубогу ушул күндөрү Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүүдө. Буга чейин курама команда Австралия жана Кытай курамалары менен ойногон.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да өтөт.

Азия Кубогунун бетттештерин «Этномедиа» онлайн-кинотеатры жана УТРК Спорт телеканалы түз алып берүүдө. Ошондой эле, Asia Mall соода борборунда (3-кабат), күйөрмандар үчүн атайын ФАН-ЗОНА уюштрулууда.

Башталышы: 16:30.