Президенттин кубогу - 2024: Көк бөрү боюнча мелдештер башталды
Турнир Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу, бир гана лиганын алкагында, олимпиадалык системанын негизинде өткөрүлүп жатат.
Мелдешке жалпы 14 курама команда катышууда. Алар Ак-Суу, Алтын-Альянс, Ак-Илбирс, Ысык-Ата, Казарман, Ала-Арча, Талас шаары , Бапа Барскоон, Бийиктик, Ичке-Суу, Асанбек-Ата, Кара-Ой, Шахтёр жана Чүй-Токмок командалары.
Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулууда.