Таяк-тартыш боюнча Европа ачык чемпионатында Кыргызстандын курамасы 1-орунду ээледи
Словакиянын Банска-Бистрица шаарында таяк-тартыш боюнча (мас-рестлинг) Европа ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы командалык эсепте 1-орунду ээледи.
Жеке эсеп боюнча жеңүүчүлөр:
1-орунду алган спортчулар:
Азиз Асанов – 60 кг;
Бекмырза Токтошев – 75 кг;
Роман уулу Бакыт – 85 кг;
Улукбек Ырысбаев – 125 кг;
Элза Абдыкадырова – 55 кг;
Сауле Эгизбаева – 60 кг;
Дильбара Иманканова – 70 кг;
Элдана Болотбекова – 75 кг;
Рамина Кочконбаева – 85+ кг.
2-орунду алган спортчулар:
Азамат Асанов – 70 кг;
Жанарбек Турдушев – 80 кг;
Медеткан Эсенгул уулу – 90 кг;
Абдел Эсенгулов – 125+ кг;
Адема Керимкулова – 70 кг.
3-орунду ээлеген спортчулар:
Данияр Турсунбеков – 70 кг;
Бекжан Омуралиев – 80 кг;
Эржан Акылбек уулу – 105 кг.
Ошондой эле Элдана Болотбекова Европа чемпионатынын абсолюттук чемпиону болду. Ал финалда учурдагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, эки жолку дүйнө чемпиону, мелдештин кожоюну Яна Вашкованы жеңип алды.
Кыргызстандын курама командасы чемпионатка башкы машыктыруучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Марат Раматовдун жетекчилиги алдында катышты.
